Жаңылыктар
Жалал-Абадда өткөн жылга салыштырмалуу өрт кырсыктарынын саны азайды
Өзгөчө кырдаал
Жалал-Абадда өткөн жылга салыштырмалуу өрт кырсыктарынын саны азайды

POST1RIGHTЖалал-Абад облусунда өткөн жылга салыштырмалуу өрт кырсыктарынын саны азайды. Мунун себебин адистер тынымсыз түшүндүрүү иштеринин натыйжасы деп баалап, элдин коопсуздук чараларына көңүл бурганынан улам кырсык азайып калды деп жатышат. 2016-жылы 323 ар кандай өрт кырсыгы катталса, быйыл алардын саны былтыркы жылга караганда 27ге кыскарган. Адистердин айтымында катталган өрт кырсыктарынын көпчүлүгү турак үйлөрдөн келип чыгат.

“Быйыл түшүндүрүү иштерин көп жүргүздүк. Андан сырткары, телеберүүлөрдөн эскертүүлөр байма-бай берилип жатты. Менимче, ошондон улам кырсыктын саны кыскарды деп турабыз. Мунун арты менен 150 миллион сомдук материалдык чыгым өткөн жылга карганда азайган”,- деди ӨКМдин Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынын өрткө каршы кызматынын адиси Азизбек Багишев.