Жаңылыктар
Бажы кызматындагы коррупциялык схема аныкталды
Коррупция
Бажы кызматындагы коррупциялык схема аныкталды

Бажы кызматындагы коррупциялык схема аныкталды. Мекеменин Борбордук бажы кызматынын өкүлдөрү өлкөгө киргизилген жүктөрдү бажы төлөмдөрү төмөн товар катары каттап жүрүшкөн. Башкы прокуратура менен Бишкек шаардык милициясы паракорлукка тиешеси бар ишкерлер цемент эмес, автоунаанын тетиктерин ташып келишкенин аныктады. Кылмыш иши козголуп, иликтөө уланууда. Башкы прокуратура мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилгенин маалымдады. Бирок, анын так суммасы айтыла элек.