Жаңылыктар
Кытай элчилиги студенттер үчүн жеңилдикти узартты
Кыргызстан жаңылыктары
Кытай элчилиги студенттер үчүн жеңилдикти узартты

Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги виза ачтыра турган студенттерди кабыл алуу мөөнөтүн 29-сентябрга чейин узартты. Бул туурасында тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Министрлик муну менен катар көп документтер туура толтурулбагандыктан же жетишсиз болгондуктан кайра кайтарылып жатканын белгилеп, студенттерди кылдат болууга чакырды. Былтыр Кытайдын Бишкектеги элчилигине террордук чабуул жасалып, автоунаа менен кирип барган жанкечти өзүн жардырган. 

Дипломаттардан эч ким жабыркаган эмес. Ошондон кийин коопсуздук чаралары күчөтүлүп, Кытайга виза алуу маселеси татаалдап кеткен. Бул күндөрү виза ачууга кезек күтүп жаткандардын саны бир нече жүзгө жеткенине кабатырланган ата-энелер, балдары кетпей калабы деп кооптонууда.