Жаңылыктар
Чүйдөгү кант кызылчасын кабыл алчу жайлар ишке кирди
Айыл чарба
Чүйдөгү кант кызылчасын кабыл алчу жайлар ишке кирди

Чүй жергесиндеги кант кызылчасын кабыл алчу жайлар эшигин ачып, дыйкандар унаага жүктөп келген түшүмүн өткөрүп ала баштады. Быйыл өлкөдө канча кызылча казылып алынса дагы баарын иштетүүгө мүмкүнчүлүк бар. Анткени өлкөдөгү эки ири “Кайынды-Кант” жана “Кошой” заводдору Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду бөлгөн насыянын эсебинен жабдууларын жаңылап, эскилерин калыбына келтирди.

Мурат Калназаров быйылкы түшүмүнөн бир унаа жүктөп келген. Ал килограммын 3 жарым сомдон баалап өткөрдү. 10 жылдан бери кант кызылчасын өстүргөн дыйкан, акыркы жылдары мээнет акталып, түшүмдүн баасы чыгып, элдин акыбети кайтып жатканын айтат. Анын үстүнө кабыл алчу жайлар мурункудай шекер менен соодалашпай, бир бөлүгүн акчалай берет.  

    
“Кайыңды” заводунун Кемин, Чүй-Токмок жана Ивановка кызылча кабыл алчу жайлары иштей баштады. Калгандары кийинки айда ачылат. Ал эми “Кошой” заводунун кабыл алчу пункттары октябрь айынын башында ишке кирмекчи. Күн ысык болгонуна байланыштуу кызылча чектелүү көлөмдө алынууда.  Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду өлкө экономикасына салым кошчу эки шекер чыгарчу заводго насыя бөлүп, каражаттын жардамы менен бир катар иштер жасалган.

Жыл өткөн сайын кызылча наркы көтөрүлүп, бул түшүмдүн түрүнө басым жасаган дыйкандардын саны көбөйдү. Былтыр 710 миң тонна кант кызылчасы кабыл алынган. Бул жылы кызылча аянты 4 миң гектарга көбөйүп жалпы 16 миң гектардан ашык жерге айдалган. Дыйкандар алчу түшүмгө маани берип калды, жер иштеткен адам Европадан келген үрөндү алып сээп, мол түшүм алууда.