Жаңылыктар
Кадамжайда жер-жемиштердин түшүмдүүлүгүнө биогумус жер азыгын көп пайдаланууда
Айыл чарба
Кадамжайда жер-жемиштердин түшүмдүүлүгүнө биогумус жер азыгын көп пайдаланууда

Баткен облусунун Кадамжай районунда жашылча менен мөмө-жемиштердин түшүмдүүлүгүн арттырууда биогумус жер азыгын пайдалануу кеңири жайылууда. Биогумусту кадимки сөөлжан пайда кылат. Сөөлжан жер семирткич эле бербестен айлана чөйрөнү таштанды,калдыктардан тазалоого да жардам берет. 

Райхан Салиева 37 жылдан бери сөөлжан чарбасында биогумус жер семирткичин өндүрөт. Сөөлжанды алгач Америкадан алып келген. Алгачкы 1 миллиондогон сөөлжан учурда миллиарддап көбөйгөн. Фермердин айтымында, табигый таза биоорганикалык түшүм алүү үчүн биогумустун ролу чоң.



Бул узундугу 25 метр, туурасы 2 метр, терендиги 1 метр болгон чуңкурда миллиарддаган сөөлжан бар. Сөөлжан 50 жылга чейин жашайт. Ургаачысы да эркеги да жумасына 27,28ден жумуртка таштайт. Жумасына 28 эсеге көбөйүп турат. Сөөлжан темир, синтетика жана пластиктен башка бардык таштандыларды, тамак аш калдыктарын жейт. Ошентип миллиарддан ашык сөөлжан 1 жарым айда 20 тонна биогумус пайда кылат. Фермер даяр болгон жер семирткичтин киллограммын 17 сомдон сатат. Аны айрыкча күнөсканага жер семирткич катары пайдаланышат.

Биогумус жер азыгы түшүмдүүлүктү 30,40% чейин жогорулатат жана таасирин 3 жылга чейин жоготпойт. Жер семирткичтин жардамында өсүмдүккө курт-кумурска аз түшөт.Жерде нымдуулук сакталып, курамында зыяндуу заттарсыз биоорганикалык түшүм алынат. Бул келечекте кандай гана рынок болбосун талапка ылайык мөмө-жемиш, жашылчаларды өндүрүүгө жардам берет.

Сөөлжан карап биогумус өндүрүү ыкмасын фермер Салиева ар бир үй-бүлөгө сунуштайт. Анткени ага эч кандай техниканын кереги жок, болгону күнүмдүк тиричиликтен чыккан калдыктарды колдонушат. Айтымында, сөөлжандар азыр таштанды талааларда жаткан калдыктардын 70%ы менен тамактанып кете алат.