Жаңылыктар
Унаа жана жолдор министрлигинин жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголду
Кыргызстан жаңылыктары
Унаа жана жолдор министрлигинин жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Унаа жана жолдор министрлигинин жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Мындай маалыматты Башкы прокуратурадан билдирди.

Башкы прокуратура УКМК менен биргеликте өткөргөн текшерүүнүн жыйынтыгында, 2015-жылы май айында ЕАЭБке кошулуу планынын алкагында, министрлик Орусия тарап жардам катары бөлгөн каражатка "И" аталышындагы ишканадан 826 236 долларга компьютердик техникалар менен жабдуу сатып алган. 

Мына ошол жабдууларды алуу үчүн келишимдерди түзүүдө мыйзам бузулган. Ошондой эле сатып алынган техниканын баасы базардагыдан жогору болгон. Анын кесепетинен мамлекет 17 миллион сомго жакын чыгым тарткан. 

Мына ушул фактылардын негизинде кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана өлкөнүн кызыкчылыктарына каршы келишим түзүү деген эки берене боюнча иш козголду.