Жаңылыктар
Өлкөнүн башкы көйгөйүнө айланган жол кырсыктары
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкөнүн башкы көйгөйүнө айланган жол кырсыктары

Быйыл жол кырсыктарынын саны 8,1 пайызга көбөйдү. Бул тууралуу, 13-сентябрдагы маалымат жыйында ИИМдин Жол кайгуул кызматынын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов билдирди.  8 айындын аралыгында  республика боюнча жалпы 3 миң 904 жол кырсыгы катталган. Саркуловдун айтымында кырсыктардын кесепетинен 509 адам каза болуп, 5 миң 909 адам жаракат алган. Ал эми, каза болгондордун саны 14,4 пайызга кыскарган.

 

Буга айдоочулардын тартипсиздиги жана жол эрежесин сактабагандыгы башкы себептерден. Эми Кайгуул милициясы 20-сентябрдан тарта Бишкектин көчөлөрүндө туура эмес токтотулган унаалар кулпуланып баштай тургандыгын билдирүүдө. Эми мурдагыдай эвакуатор менен туура эмес токтотулган унаалар алынбастан атайын темир, блоктоочу кулпулар салынып баштайт.  

ИИМ Жол кырсыктарына себеп болгон факторлор менен күрөшүүнү күчөттү. Эми Бишкекте 20-сентябрдан тарта туура эмес токтотулган унаалар кулпуланат – дейт Кайгуул милиция башкы башкармалыгынын координациялоо жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Нур Сатыбалдиев.

Эми мурдагыдай эвакуатор менен туура эмес токтотулган унаалар алынбастан атайын темир, блоктоочу кулпулар салынып баштайт. Бул долбоор калаада сынамык режимде ишке ашат, ал үчүн 10 кулпу алынган. “Кулпулар туура эмес токтотулган унааларга колдонулат. Ал айдоочу отурган жактын дөңгөлөгүнө орнотулуп, унааны терезесине аны орнотуп кеткен инспектордун аты-жөнү менен 102 телефону жазылган стикер чапталат. Айдоочу өз кезегинде инспекторду телефон аркылуу чакырып, айып пулду төлөп, кулпуну алдыруусу керек болот”,-деди ал.

Андан сырткары маалым болгондой, жакынкы күндөрү унааларды эвакуациялоо менен алектенген тиешелүү компанияларга тендер жарыяланат. Эске салсак былтыр апрелден тарта туура эмес жерге токтотулган унаалар эвакуациялана баштаган. Мажбур түрдө автоунааларды жолдон алуу боюнча токтомго 2016-жылдын апрель айынын башында кол коюлган. Ага ылайык, эвакуациядан тышкары, унаа токтотуу эрежесин бузгандардын машинасынын дөңгөлөгүнө кыймылды чектөөчү атайын жабдуулар тагылат. Коюлган чектөөнү өз алдынча алууга аракет кылган айдоочулар жоопкерчиликке тартылат.

Белгилей кетсек Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын административдик жоопкерчилик жөнүндө Кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамына кол койгон. Анын негизинде“Транспорт каражаттарын мажбурлап эвакуциялоо жана дөңгөлөктүн блокираторлорун же жабдыктардын башка түрлөрүн колдонуу” деп аталган жаңы берене киргизилген.

С.Идирисов, Биринчи радио