Жаңылыктар
ЕАЭБге мүчө өлкөлөр контрафакт продукцияларга каршы биргелешип күрөшөт
Экономика
ЕАЭБге мүчө өлкөлөр контрафакт продукцияларга каршы биргелешип күрөшөт

Көйгөйдү жоюуга арналган Бишкектеги форумда көмүскө товарлардын жайылышы курч маселе экени белгиленди. 

Эл аралык иш-чарада бажы жана техникалык жөнгө салуудагы көйгөйлөр, интеллектуалдык менчик укуктарын коргоо, товарларды мыйзамсыз жүгүртүүнүн алдын алуу сыяктуу маселелер талкууланды. 

Форумга ЕАЭБдин адистери, бийлик өкүлдөрү жана ишкерлер катышууда. Өнөктөш өлкөлөрдөн 300дөй делегат келген. Жыйын эртең жыйынтыкталат.