Жаңылыктар
Канадалык компания менен кыргыз тараптын орток пикирге келиши талкууга жем таштады
Экономика
Канадалык компания менен кыргыз тараптын орток пикирге келиши талкууга жем таштады

Өлкөнүн тоо-кен тармагын терең билген тажрыйбалуу адистер, экономисттер жана саясат таануучулар, Кумтөр кениндеги экологиялык абалды жакшыртуу максатында, Кыргызстан менен "Centerra Gold Inc." компаниясы ортосундагы макулдашууну талкуулашты. Эки тарап апта башында келишимге кол койгон. Стратегиялык келишим узакка созулган сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында ишке ашкан. Эксперттер эки тараптын мунасага келиши - чоң жетишкендик деп баа берүүдө. 

Канадалык компания менен кыргыз тараптын экология жаатында орток пикирге келиши талкууга жем таштады. Адистер жаңы келишим “Кумтөр” кенинин айланасындагы көптөгөн маселеге чекит коёт деп эсептейт. Макулдашууга ылайык, "Centerra Gold Inc." Кыргызстанга ондогон миллион доллар котормой болду. Айрым пункттарына токтолсок, жаратылыш өнүктүрүү фонду түзүлүп, ага 50 миллион доллар түшөт. Муну менен катар жыл сайын экология үчүн төлөнчү каражат 310 миң доллардан 3 миллион долларга чейин өсөт. 

Бишкектеги онкологиялык оорукананы жаңылоого 10 миллион доллар бөлүнмөй болду. Калыбына келтирүү фондундагы 23 миллион АКШ доллары чет өлкөдөн Кыргызстанга которулат. Бул каражат калыбына келтирүү багытына талап кылынгыча өлкөнүн экономикасы үчүн айланат. Чалгындоо иштерине дагы миллиондогон доллар каралууда. Андан тышкары “Кумтөр” кенинин азыркы менеджменти кайра куралып, аны жетектеген адамдын үчөө кыргыз жарандары.
Келишим го түзүлдү. Бирок ири өлчөмдөгү каражат агымы кайда агат ал башка маселе. Эксперттер өкмөт көтөрүп чыккан “Таза коом” программасы аркылуу акча эмнеге жумшалганын көзөмөлгө алуу зарыл деген сунуштарын айтышты.