Жаңылыктар
Добуштарды сатып алууга каршы маалыматтык компания башталды
Шайлоо 2023
Добуштарды сатып алууга каршы маалыматтык компания башталды

Кыргызстанда добуштарды сатып алууга каршы туруу боюнча маалыматтык компания башталды. Иш-чараны Борбордук шайлоо комиссиясы менен "Таза шайлоо" ассоциациясы Улуу Британиянын элчилигинин колдоосунда өткөрөт. Бул туурасында маалымат жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясынын жана "Таза шайлоо" ассоциациясынын өкүлдөрү билдиришти.“Таза шайлоо” бирлигинин өкүлү Тагир Осмоналиевдин айтуусунда, добушунду сатпа маалыматтык компаниясынын урааны - “Таза шайлоо - элдин колунда” деп аталат. Жана эл менен жолугушуулар уюштурулуп, добуш сатып алууга каршы күрөшүүнүн жолдору үйрөтүлөт.
Ушул күнгө чейин шайлоочулардын добушун сатып алуу боюнча бир дагы учур сотко жеткен жок. Мындай фактылар менен жарандардын укук коргоо органдарына кайрылуусу зарыл дешет адистер.
Буга чейин Боршайком да добушуңду сатпа акциясын баштаган, шайлоочулардын өз добушу үчүн жоопкерчиликтүү болууга чакырган иш-чара өлкө аймагынын бардык район, шаарларында өтүүдө.