Жаңылыктар
Мектеп окуучулары окуу китептерине муктаж болууда
Билим
Мектеп окуучулары окуу китептерине муктаж болууда

Окуу китептерине республикалык бюджеттен 120 миллион сом бөлүнөт. Билим берүү жана илим министрлиги каражатка 3 тилде 40ка жакын аталыштагы китептерди басып чыгарат. Бирок адистер бул китептер керектөөнүн бештен бир бөлүгүн гана жабаарын айтууда. Бүгүн агартуу министри баш калаадагы мектептердин окуу куралдары менен канчалык деңгээлде камсыз болгонун өзү барып көрдү.

Мектептердин баарында бирдей эле көйгөй - китеп жетишпейт. Окуучулардын окуу куралдары менен толук камсыз болбогону каражаттын жетишсиздиги жана окуучулардын белгиленген сандан көп болгонун мектеп директорлорду баса белгилешүүдө.
Окуу куралдарынын жетишсиздиги мектептерде жаңылык эмес. Көйгөй бир канча жылдан бери көтөрүлүп келет. Жаңы китептерди басып чыгарууга республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражат жетпейт. Жыл сайын каралган 120 миллион сом керектөөнүн 5тен бир бөлүгүн жабат. Мектеп бере албаган китептерди ата-энелер сатып берүүгө туура келет.

Алдыда эски китептердин ордуна жаңысын басып чыгаруу учун окуу куралдарына ижара акысын киргизүү жана электрондук китепканаларды Бишкекте эле эмес, өлкөнүн бардык аймагында ачуу маселеси турат.