Жаңылыктар
Кубанычбек Кулматов Улуттук банктын төрагалыгына шайланды
Экономика
Кубанычбек Кулматов Улуттук банктын төрагалыгына шайланды

Парламент Улуттук банктын төрагалыгына Кубанычбек Кулматовдун талапкерлигин колдоду. Депутаттардан суроолоруна жооп берген талапкер Кубанычбек Кулматов Улуттук банктын башчылыгына бекип калса, банктын ишинде жана анын жетекчилигинде анчалык деле кадрдык өзгөрүүлөр болбой турганын белгиледи. 

Депутаттар Улуттук банктын төрагалыгына талапкерге суроо берип жатып, көбүнчө Кулматовдун ийгилик сырына кызыгышты. Ошондой эле улуттук валютанын кармалышы, Кыргызстанда акча басып чыгарууну колго алуу маселери боюнча суроолор берилди. 

Электрондук жашыруун добуш берүү жыйынтыгында Кулматов Кубанычбек Кеӊешович Улуттук банктын төрагалыгына шайланды. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин токтому кабыл алынды.

Сүймөнкул Идирисов, "Биринчи радио"