Жаңылыктар
Айлыктардын ордуна арак берилен күндөр да болгон
Кыргызстан жаңылыктары
Айлыктардын ордуна арак берилен күндөр да болгон

Кыргызстан өзүнчө мамлекет деп аталгандан бери 26 жыл болду. Бул аралыкта тарыхый бурулуштар болду. Ийгиликтер менен кемчиликтер коштолду. Эмнеси болсо да, өзүбүзчө эгеменбиз деп өз арабабызды өзүбүз тартып келаткандайбыз. Сырткы байланыштарды түзүп, эл катары жашап атабыз. 

Кеңеш өкмөтү тарагандан кийинки Кыргызстан башынан оор турмушту өткөрдү. Анткени менчиктештирүү доору менен көптөгөн жетишкендиктеринен айрылып калганы айтылып жүрөт. Алардын катарында ири завод, фабрикалар жоюлуп, жумушсуздук күч алган. Акырындык менен миграциянын агымы күчөп, эмгек күчү экспорттолуп жатты. Ошондой эле айрым мектеп, бала бакчалар жеке колдорго өтүп, билим берүү системасы артта калды. Айлыктардын ордуна арак берилен күндөрдү азыр деле айтып беришет. Союздагы пропаганданын кымындай эч нерсеси калбай, элди алаксытаар идеология иштелип чыга элек эле.

Асанбек Пазыл, "Биринчи радио"