Жаңылыктар
Жолдубаева шайлоо өнөктүгү учурундагы мыйзамдуулукту сактоо штабына тапшырма берди
Шайлоо 2023
Жолдубаева шайлоо өнөктүгү учурундагы мыйзамдуулукту сактоо штабына тапшырма берди

Президенттикке талапкер, "Республика" партиясынын лидери Өмүрбек Бабановдун 13-сентябрда Ош шаарында шайлоочулар менен жолугушуусуна жергиликтүү бийлик бут тосконун талапкердин Оштогу штабынан маалымдашкан. 

Бул боюнча баш прокурор Индира Жолдубаева шайлоо өнөктүгү учурундагы мыйзамдуулукту сактоо штабына тапшырма берди. Административдик ресурс менен күрөшү же аны алдын алып чара көрүү мурдагы бийлик учурунда болгон эместигин талдоочулар белгилешет. 

Ал эми айрым талапкерлердин арызданымыш болуп БШКдан Башкы прокуратурага чейин кайрылганы шайлоонун шылтоосу катары каралууда.

Илгиз Жамалбеков, "Биринчи радио"