Жаңылыктар
Мас айдоочуларга 30 миң сом айып салуу мерчемделүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Мас айдоочуларга 30 миң сом айып салуу мерчемделүүдө

ИИМ жол эрежесин бузгандарга айып пулду көтөрүүгө белсенүүдө. Максаты - адам өмүрүн сактоону биринчи оорунга коюу. Мас абалында рулга олтурган айдоочу алгач кармалганда айдоочулук укуктан беш жылга ажыратылып, 30 миң сомдун тегерегинде айып пул төлөйт. 

Ал экинчи жолу кармалса, өмүр боюу күбөлүктөн айрылып, автоунаасы мамлекетке өтөт. 

Мындан башка да айып пулдар жана жоопкерчиликтер “Автомобиль транспорту жөнүндө” мыйзамына жана администрациялык жоопкерчилик тууралуу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорунда камтылган. 

Сүймөнкул Идирисов, "Биринчи радио"