Жаңылыктар
Ноокен районунун Достук айыл аймагында жол кырсыгы катталды
Кырсык
 Ноокен районунун Достук айыл аймагында жол кырсыгы катталды

Бишкек-Ош автожолунун 480-чакырымында, Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Достук айыл аймагында 14-сентябрдын түнү жол кырсыгы катталды. “Ауди-100 C4”, “Ауди-100” жана “Хундай-Портер” үлгүсүндөгү автоунаалар кагылышкан. “Ауди-100” үлгүсүндөгү машинеде бараткан беш адам окуя катталган жерде, бирөө ооруканада каза тапты. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, каза болгондордун сөөктөрү Кочкор-Ата шаардык ооруканасынын моргуна жеткирилген. “Хундай-Портердин” ичиндеги бир киши жаракат алып Шамалды-Сай шаардык ооруканасына түшкөн. Патрулдук милиция башкармалыгынын билдиришинче, жыл башынан бери өлкөдө 2500дөн ашуун жол кырсыгы катталып, 300дөн ашуун кишинин өмүрү кыйылган. 3800дөн көбү түрдүү жаракат алды.