Жаңылыктар
Тевес ашыкча салмагынан улам командадан чыгарылды
Спорт
Тевес ашыкча салмагынан улам командадан чыгарылды

Кытайлык «Шанхай Шэньхуа» футбол клубунун башкы машыктыруучусу Ву Цзиньсу чабуулчу Карлос Тевести ашыкча салмагынан улам команданын курамынан чыгарды. Бул тууралуу Sky Sports маалымдады.

«Тевес менин ыкмаларымды билет. Аны оюн талаасына чыгарууну мерчемдеген жокмун. Менимче ал оюнга чыгууга даяр эмес. Тевес, Фредди Гуарин («Шанхайдын» жарым коргоочусу) сыктуу ашыкча салмактуу болуп жатат. Мен командага жана анын курамындагы оюнчуларга жоопкерчиликтүүмүн. Эгер футболчу жакшы ойной албаса демек, ал курамдан чыгарылат. Көптөгөн футбол жылдыздарын машыктырдым, бирок эч качан алардын беделине карап командага алган эмесмин», - деди машыктыруучу.

Карлос Тевес «Шанхай Шеньхуа» футболдук клубуна 2016-жылдын декабрь айынын аягында келип, 38 млн евро айлык маяна алуу тууралуу келишим түзгөн. 33 жаштагы чабуулчу буга чейин «Бока Хуниорс», «Коринтианс», «Вест Хэм», «Манчестер Юнайтед», «Манчестер Сити», «Ювентус» клубдарында жана Аргентинанын курама командасында ойноп, дүйнөдөгү эң кымбат футболчу деп табылган.

Ал учурдагы сезондо Кытайдын супер лигасында 12 оюн өткөрүп, 2 гол киргизип жана жыйынтыгында гол кирген 4 пас берген.