Жаңылыктар
Европанын коопсуздук жана кызматташтык уюму БШКга видеожабдууларды тапшырды
Шайлоо 2023
Европанын коопсуздук жана кызматташтык уюму БШКга видеожабдууларды тапшырды

Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришкендей, 14-сентябрда Европанын коопсуздук жана кызматташтык уюму БШКга видеожабдууларды тапшырды. 

Жабдыктар "Кыргызстандагы шайлоо системасын жакшыртууга жардам” долбоорунун алкагында, шайлоонун жүрүшүн элге ыкчам маалымдоо максатында берилди. 

Боршайком эми видео жана аудио материалдарды ылдам даярдап, жалпыга маалымдоо каражаттарына берүү жана онлайн-жыйындарды өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн маалымдады.

15-октябрда өтө турган президенттик шайлоого 13 адам талапкер болуп катталган.