Жалал-Абад облусунун тургундары шайлоого карата активдүү даярдык көрүп, шайлоо участкаларына барып, өздөрүн тизмеден тактап жатышат.
Облустук паспорт-виза жана каттоо бөлүмүнүн башчысы Арсен Миңбаевдин айтымында,бул жолу жарандар үчүн өздүгүн тизмеден тактоого жаңы, жеңилдетилген ыкмалар иштеп жатат.
Тактап айтканда, жарандардын паспортун тааный турган жаңы жабдуу алынып келген.
Андан сырткары жаңы ыкма аркылуу жарандарды бет түзүлүшүнөн тактоого болот.
Жаңы пайдаланылып баштаган система аркылуу жарандарды тейлөөгө жана тизмеден тактоого көп убакыт талап кылынбайт. Учурда Жалал-Абад облусу боюнча 426 шайлоо тилкеси бар.