Жаңылыктар
Бишкекте капиталдык ремонттон өткөн көчөлөр колдонууга берилди
Экономика
Бишкекте капиталдык ремонттон өткөн көчөлөр колдонууга берилди

Бишкекте капиталдык ремонттон өткөндөн кийин сегиз көчө колдонууга берилди. Бул тууралуу шаар мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти. Ага ылайык, Шабдан баатыр көчөсү Исакеевден Кийизбаева көчөсүнө чейин, Литовская көчөсү Кийизбаевадан Шабдан баатырга чейин, Безымянная көчөсү Тыналиевден №95 мектепке чейин, Жаманбаев көчөсү Манас проспектисинен Шота Руставелиге чейин, Жал-23 кичи районундагы Безымянная көчөсү Ахунбаевден №72 мектепке чейин, 11-кичи райондогу бир катар үйлөрдү бойлой кеткен Куттубаев көчөсү жана Миңжылкиев көчөлөрү Тыналиевден Курчатовго чейин, ошондой эле Гроздь айлылындагы жаңы көрүстөнгө алып барчу жол оңдолду. "Бишкекасфальтсервис" ишканасынын планы боюнча шаардын дагы 56 көчөсүндө оңдоо иштерин жүргүзүү керек. 

Учурда 47 көчө реконструкцияланып жатат.