Жаңылыктар
Социалдык тармактарда чек арага байланыштуу жалган маалымат тарады
Чек ара
Социалдык тармактарда чек арага байланыштуу жалган маалымат тарады

Социалдык тармактарда кыргыз-өзбек чек ара тилкесиндеги талаш-тартыш участоктордун бир бөлүгү коңшу өлкөгө өтүп кетти деп тараган маалымат жалган. Бул тууралуу өкмөттүн чек араларды делимитациялоо боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаров билдирди. Өз кезегинде, эксперттер мындай маалымат президенттикке ат салышкан бир талапкердин беделин атайылап түшүрүүгө багытталганын жана ошондой эле улуттарды кайраштырат деп белгилейт.

Акыркы күндөрү интернет желесин туура эмес маалымат аралап жүрөт. Анда кыргыз-өзбек чек арасын тактоо коңшу өлкөнүн пайдасына чечилди, талаш-тартыш жердин көбү өтүп кетти, анын арасында Уңгар-Тоо дагы бар деген сөздөр жазылган. Бирок өкмөттүн чек араларды делимитациялоо боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаров бул маалыматты төгүндөдү. Белгилүү болгондой Кыргызстан менен Өзбекстан ортодогу такталбай келе жаткан чек аранын 1 миң 770 чакырым тилкесин, тактап айтканда 85 пайызын аныктоо боюнча орток пикирге келип, келишимдерге жетишти. Бул кадам 17 жылдан бери эки өлкөнүн талыкпай эмгектенип келе жаткан жумушунун жемиши.

 

Коопсуздук жана коргонуу маселелери боюнча мурунку вице-премьер-министр Токон Мамытовдун пикиринде, мындай жалган маалымат шайлоого алдындагы жарышта саясий технологдор же үгүт иштери алып барган адамдар тарабынан президенттикке көрсөткөн талапкердин бирине чуңкур казып, беделин түшүрүүгө карата жасалган иш. Ошол эле учурда мындай жалган маалымат улут аралык мамилени козутуп, коңшу өлкө ортосундагы мамилеге кедергиси тийиши мүмкүн дейт Мамытов.