Жаңылыктар
Сузакта жер көчкүнүн айынан жер которгондорго пайызсыз насыя берилди
Кыргызстан жаңылыктары
Сузакта жер көчкүнүн айынан жер которгондорго пайызсыз насыя берилди

Жер көчкү кесепетинен жер которуп, жаңы турак үй салып баштаган Сузак районунун Көк-Булак участкасынын тургундарына мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан 300 миң сомдон тапшырылды. Эми жарандар турак үйүн суукка калтырбай бүткөрүп алууна көздөшүүдө. 

Турак үйүн бүткөрүү үчүн каражат кайдан алууну билбей турган жарандарга,мамлекеттик ипотека компаниясы тарабынан Айыл банк аркылуу сертификаттар берилди. Жалпы болуп 4 жаранга 300 миң сомдон тапшырылды. Насыя алгандардын арасында Рахат Маматалиева да бар. 300 миң сомдук насыя 7 пайыз менен 7 жылдык мөөнөткө берилди. Кошумчалап кетүүчү дагы бир жеңилдиги, насыя акысыз колдонуу мөөнөтү менен берилди. Тактап айтканда,жарандар айына төлөөчү төлөмдөрдү 6 айдан кийин төгүп баштайт.

Көк-Булак участкасынан берилген жер тилкелерге турак үй салып жаткандар ушул эле Кызыл-Туу айыл аймагынан, жер көчкү коркунучу бар айылдардан көчүрүлүп келгендер. Жалпы болуп 35 гектар аймак 302 жаранга бөлүнгөн. Учурда 100 дөн ашууну там салып жатат.

Турак үйлөр менен катар эле жаңы конушта жаңы мектеп салынып жатат.Азыркы тапта билим уясынын пайдубалы бүтүп калды. үчүн өлкө казынасынан 71 миллион сом каралган.150 орундуу мектеп заманбап шарты менен бүткөрүлүп,быйыл пайдаланууга берилет. Бирок жаңы конушта таза суу, ички жолдор жана электр энергиясы маселеси толук чечиле элек. Жергиликтүү эле маселени эртерээк жөнгө салып берсе,турак үйлөрүбүздү суукка калтырбай бүтүрүп алсак дешет.