Жаңылыктар
Таласта тартип сакчыларына үй берилди
Кыргызстан жаңылыктары
Таласта тартип сакчыларына үй берилди

Өкмөттүн кам кордугуна арзыган милиционерлер көп жылдан бери коомдук коопсуздукту сактоодо үзүрлүү эмгектенип, бирок жеке турмушунда батирлеп жүрүшкөн. 3 миллион сомго курулган үй Таласты өнүктүрүү фондунан каржыланды. Мына минтип жаны конуштуу болгон Улан Ташматовдун уй-булосу кубанычтары койнуна батпай турган учур. Бул уй-було 9 жылдан бери батирлеп журушкон.

Кычыраган кышта, аптаптуу жайда да жаш балдарын алып, батир которуп, кочуп-конуп кызматына да жетишуу оной эмес болгон. Тартип сакчыларынын кубанычын тең бөлүшүп, жакын тууган, санаалаштары да келген. Элдин бейпил турмушу үчүн ар дайым кызматта турган милиционерлерге акыркы жылдары салмактуу колдоолор көрсөтүлүп жатканын айткан Салтанат Искакованын пикиринде социалдык камкордук - коомдун турмушун жакшыртуунун негизги баскычы.

Акыркы 20-30 жыл аралыгында Таласта тартип сакчыларын үй менен камсыз кылуу токтоп калган. Андыктан бул саамалык көптөр үчүн стимул болуп калганы да жашыруун эмес. Келечекте бул эки үйдүн айланасы кеңейтилип, бир жарым гектар аянтка милиционерлер шаарчасы курулаарын ички иштер башкармалыгы билдирет.