Жаңылыктар
Шайлоого катышуу үчүн эски ID-картаны жаңыга алмаштыруунун зарылчылыгы жок
Кыргызстан жаңылыктары
Шайлоого катышуу үчүн эски ID-картаны жаңыга алмаштыруунун зарылчылыгы жок

Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди. Ведомстводон маалымдашкандай, айрым талапкерлердин үгүтчүлөрү добуш берүүгө катышуу үчүн паспортту алмаштыруу керектигин айтып, туура эмес маалымат таратып жатышат. 

Мамлекеттик каттоо кызматы шайлоого катышуу үчүн жаңы паспорт алуу зарылчылыгы жоктугун жана үгүтчүлөргө паспорттун көчүрмөсүн же ПИН номерди бербеш керектигин эскертет. Ошондой эле, ведомство жарандарды www.shailoo.srs.kg сайтындагы шайлоочулар тизмесинен же 119 акысыз номери аркылуу өздөрүн тактап алууга чакырат.