Жаңылыктар
Кыргыз-өзбек чек арасында «Баймак-автожол» өткөрмө бекети кайрадан иштеп баштайт
Чек ара
 Кыргыз-өзбек чек арасында «Баймак-автожол» өткөрмө бекети кайрадан иштеп баштайт

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы, кыргыз-өзбек чек арасынын аймагында жайгашкан «Баймак-автожол» өткөрмө бекети жөнөкөйлөштүрүлгөн шартта кайрадан иштеп баштайт. Премьер-министр Сапар Исаков бул тууралуу тиешелүү токтомго кол койду. Кыргыз-өзбек чек арасында жайгашкан бул бекет былтыркы жылдын май айынан бери, Кыргыз өкмөтүнүн жаңы, өзгөчө токтому чыкканчакты кыймыл-аракетке жол берилбейт деп убактылуу жабылып турган. Тактап айтканда чек ара бекетинин кыргыз тарабында транспорт каттамдарына, жүк ташууларга жана адамдар менен мал жандыктардын кыймылына убактылуу тыюу салынган.

Жаңы токтом вице-премьер-министр Темир Жумакадыровдун жетекчилиги алдында 13-сентябрда өткөн жыйында даярдалган. Өкмөттүн чечимине ылайык, «Баймак-автожол» өткөрмө бекетинин иши жаңыланып, чек арадан өткөн учурдагы бажы, ветеринардык, фитосанитардык жана маңзатына каршы текшерүүлөр жөнөкөйлөштүрүлөт.