Жаңылыктар
А.Атамбаев менен В.Путин алдыда дагы бир нече жолугушууларды өткөрөт
Саясат
А.Атамбаев менен В.Путин алдыда дагы бир нече жолугушууларды өткөрөт

Ушул аптада Алмазбек Атамбаев жумушчу сапары менен Орусияга барды. Бул жолу өлкө башчынын жолугушуусу Сочи шаарында өттү. Атамбаев анда Владимир Путин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кызматташтыктын мындан аркы багыттары талкууланды.

Президенттин буга чейин, июнь айында орун алган мамлекеттик сапарын бир катар маалымат каражаттары Орусия менен коштошуу иш сапары катары сыпаттап жиберишкен. Бирок андай болгон жок. Алмазбек Атамбаев менен Владимир Путин алдыда дагы бир нече жолугушууларды өткөрөт. 

Кыргызстанда шайлоолор 15-октябрга белгиленгени менен, мамлекет башчынын ыйгарым укуктары 1-декабрда гана аяктайт. Андыктан убакыт да бар, талкууга алынчу кызматташтык маселелери да жетиштүү.