Жаңылыктар
Исаков Кант шаарында жайгашкан аймактык ооруканасынын абалы менен таанышты
Кыргызстан жаңылыктары
Исаков Кант шаарында жайгашкан аймактык ооруканасынын абалы менен таанышты

Премьер-министр Сапар Исаков Чүй облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында тиешелүү тараптарга бир топ тапшырмаларды берди. 

Алгач өкмөт башчы Кант шаарындагы «Чупра» дренаждык каналынын абалы менен таанышты. 

Жеринен каналды тазалоо боюнча долбоорду иштеп чыгуу тапшырмасы Кант шаарынын бийлигине тапшырылды. 

Ошондой эле Исаков Кант шаарында жайгашкан Ысык-Ата аймактык ооруканасын жана Токмок шаарындагы базардын абалы менен да таанышты. 

Сүймөнкул Идирисов, "Биринчи радио"