Жаңылыктар
Күнөскана иштетүү боюнча Корея өлкөсү дүйнөдө алдыңкы орунду ээлейт
Айыл чарба
Күнөскана иштетүү боюнча Корея өлкөсү дүйнөдө алдыңкы орунду ээлейт

Корея өлкөсү Кыргызстандын аймагына өз тажрыйбаларын жайылтуу максатында жергебизге келишкен. Алар Чүй облусундагы дыйкан-фермерлер үчүн күнөскана иштетүүнүн жаңы ыкмаларын үйрөтүү боюнча семинар өткөрүштү. 

Кыргыз Агрардык Университетинде күнөскана ачылган. Аны аталган окуу жайда окуган  студенттер иштетет. Семинарга катышкан жаштар күнөскананы заманбап  технологиялар менен жабдуу ыкмаларын үйрөнүштү, - дейт окуу жайдын өкүлү Майрам  Молдоканова. 

Семинардын практикалык бөлүгү айыл чарба, тамак-аш өнөр-жайы жана мелиорация министрлигинин суу чарба департаментинде өтсө, практикалык бөлүгү Чүй облусунун Ысык-Ата жана Аламүдүн районундагы күнөскана чарбаларынын базасында өттү. Мындай семинар эми ушул жылдын декабрь  айында өтөрүн уюштуруучулар тобунан билдиришти.

Кадыр Калилов, "Биринчи радио"