Жаңылыктар
Жеңилдетилген гемодиализ алууга шарт түзүлдү
Ден соолук
Жеңилдетилген гемодиализ алууга шарт түзүлдү

Жеңилдетилген гемодиализ алууга шарт түзгөн өкмөткө оорулуулар ыраазычылык билдирди. Алар акысыз кан тазалоого жардам бергени үчүн премьер-министрге, Саламаттыкты сактоо министрине жана милдеттүү камсыздандыруу фондуна ыракматын маалымат жыйынында айтышты. 

Бейтаптар белгилегендей, гемодиализ үчүн өкмөт 2017-жылы 100 миллион сом бөлгөн. Бул каражатка 300дөн ашык бөйрөгү ооруган жаран канын акысыз тазалаткан. Оорулуулардын кайрылуусунан улам өкмөт кошумча 40 миллион сом бөлдү. 

Эми бул акчага өз каражатына гемодиализ алып келген 97 жаран жеңилдетилген шартта канын тазалатала алат.