Жаңылыктар
Кариб аралдарына "Мария" бороону жакындоодо
Дүйнө
Кариб аралдарына "Мария" бороону жакындоодо

Кариб аралдарына "Мария" бороону келатат. Гваделупа, Доминика, Сент-Китс жана Невис, Монтсеррат жана башка Кариб аралдары "Мария" бороонуна даярданууда. Синоптиктердин айтымында, анын катуу шамалынын күчү улам барган сайын күчөп барат.

Жекшемби күнү кечинде "Мария" шамалынын күчү саатына 120 чакырымга жеткен. АКШнын бороондор боюнча Улуттук борбору бул табият кырсыгына биринчи категорияны ыйгарды. 

"Мария" болжол менен "Ирманын" траекториясы менен жүрүүдө. Мындан сырткары Америка жана Улуу Британиянын Виржин аралдарынын, Сен-Мартен, Сент-Бартс, Саба, Синт-Эстатиус жана Ангильянын бийликтери бороондун кыймылын өзгөчө кооптонуу менен байкап жатышат. 

Буга чейин "Ирма" бороонунун кесепетинен бул аралдардын айрымдары олуттуу кыйроолорго учураган болчу. Анда 37 киши набыт болгон. Бороон Кариб аралдарынын чыгыш тарабына дүйшөмбү күнү кечинде жетет. Учурда "Мария" бороонунун борбору болжол менен Барбадостон түндүк-чыгышка карай 200 чакырым алыстыкта бара жатат.