Быйыл өлкөдө токой чарба тармагынын түзүлгөндүгүнө 70 жыл толду.
Даталуу маараке Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өтүп, иш чарага жети дубандан келген табигат сакчылары, ардагер токойчулар, Жогорку Кеңештин вице-спикери жана өкмөттөн вице-премьер министр Дүйшөнбек Зилалиев катышты.
Жыйында токой системасын реформалоонун натыйжалары жана айлана чөйрөнү коргоо зарылдыгы белгиленди.
Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"