Жаңылыктар
Нарын шаарына 149 жыл толду
Кыргызстан жаңылыктары
Нарын шаарына 149 жыл толду

Нарын шаарына 149 жыл толду. Нарындыктар майрамды таң эртеден шаңдуу тосушуп, иш-чара кыргыздын каада-салтын чагылдырган программалар менен коштолду. Мындан тышкары калаанын беш чөлкөмүндө да майрам уланып, келгендерге жагымдуу маанай тартууланды. 

Нарындын кооздугуна байыртадан эле суктангандар көп болгон. Муну майрамдын ачылыш аземинде шаардын тарыхын чагылдырган театрлаштырылган оюн зоок программалары көрсөтүп берди. Андыктан нарындыктар майрамын таң эртеден шаңдуу башташты. Нарын шаарынын 149 жылдыга карата уюшулуп жаткан фестиваль көз жоосун алган иш-чаралар менен коштолду. Анда улуттук кийимдерден баштап, тамак-аш жана шырдактардын көргөзмөсү коюлуп, келген коноктор менен жашоочулардын көңүлүн өзүнө бурду.

Нарын шаары - облустун борбору болуп, 1868-жылы 17-сентябрда негизделген. Аянты 5040 гектарды түзүп, 40 миңге чукул калк жашайт. Андан бери 149 жыл толду. Бул убакытта шаар гүлдөгөн жаркыраган калаага айланды.

Иш-чаранын жүрүшүндө шаардын беш чөлкөмүндө тең майрам кызуу белгиленип, анда кыргыздын каада -салттарын камтыган үрп -адаттары көрсөтүлдү. Нарындыктар майрамдын соңун асманды жарык кылып, жаркын маанай тартуулаган фейерверктер менен жыйынтыкташты.