Жаңылыктар
Тазалыкты сактоону - өзүбүздөн баштайлы
Кыргызстан жаңылыктары
Тазалыкты сактоону - өзүбүздөн баштайлы

Ошентип, жаз дагы келди. Күндүн жылышы менен салтка айлангандай, ишембиликтер дагы башталат. Тазаланышыбыз керек! Ансыз дагы бул жагынан көйгөй толтура. Азырынча, биз булгап эле келатат окшойбуз...

Эки жакты эле карап көрөлүчү. Ар кай жерде албаа-далбаасы чыгып жаткан целофан баштыктар, желим бөтөлкөлөр...Мындан улам, шаардын көчөлөрүн тазалоодон мурда, шаардыктардын акылын тазалаш керекпи, деп да ойлоп кетесиң. 

Кандай болсо да, Бишкек -өлкөбүздүн борбору. Шаарды көрккө чыгаруу аракетин ар бир тургун өзүнөн баштаса, келечекте Бишкек дүйнөнүн болбосо да, Борбор Азиянын кооз шаарларынын бирине айланаары толук мүмкүн.