Жаңылыктар
"Лигласс" менен келишим жокко чыгарылат
Экономика
"Лигласс" менен келишим жокко чыгарылат

Өкмөт Лигласс менен келишимди бир тараптуу жокко чыгарат. Бул тууралуу бүгүн өкмөт жыйынында Премьер-министр Сапар Исаков билдирди. Ал чехиялык Лигласс Трейдинг компаниясы келишимди аткарбаганын белгилеп, тиешелүү министрликтерге аны бир тараптуу жокко чыгаруу тапшырмасын берди. Сапар Исаков Кыргызстан убакыттан уттурганын кошумчалап, кайрадан тендер жарыялана турганын айтты. 

Чехиялык "Лигласс Трейдинг" компаниясы Нарын ГЭСтер каскадын куруу үчүн "Русгидро" ишканасына 37 млн. доллар акчаны тиешелүү мөөнөттүн ичинде төгөөрүн так айта албай турат. Бул боюнча кыргыз өкмөтүнө кат менен кайрылышканын компаниянын жетекчиси Михаэл Смелик Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирди. Айтымында аларга карата терс маанайдагы маалыматтар күчөп кеткендиктен, акча боюнча маселе жаралып калган. 

Мындан улам компания кыргыз өкмөтү менен каражат төлөмү жана долбоорду ишке ашыруу боюнча сүйлөшүү жүргүзгөнү Бишкекке келгенин билдиришти. Быйыл июлда «Liglass Trading» Кыргызстандагы Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын, ага кошуп он чакан ГЭСти куруу тууралуу тендерди утуп алган. Буга чейин Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети, «LiglassTrading» компаниясынын - "РусГидрого" 37 млн. доллар которуу үчүн берилген мөөнөтүнүн акыркы күнү 19-сентябрь экенин билдирген. 

Лигласс компаниясы 37 миллион долларды төлөө мөөнөтүн узартып берүү сунушун айтып, расмий кат менен өкмөткө кайрылганын премьер-министрдин орун басары Дүйшөнбек Зилалиев тастыктады. Бирок төлөө мөөнөтүн качанкыга чейин узартуу керектиги анда көрсөтүлгөн эмес. Алардын кайрылуусу тиешелуу мамлекеттик мекмелерге жиберилип, корутундусу премьер-министрге берилди. 
Зилалиевдин айтуусунда, чакан ГЭСтерди куруу үчүн тендер өткөрүлгөндө долбоорду ишке ашыра турган көп инвестор болгон эмес. Ошондон улам чакан ГЭСтерди аларга кошуп жогорку Нарын ГЭСтер каскадын да курабыз деген Лигласс ишканасына ишеним берилген. Азыр эми келишимди жокко чыгаруудан Кыргызстан материалдык чыгым тартпайт. Анткени кепилдик күрөө катары 1 миллион 147 миң доллар каражат өкмөттө калат. 

Камбар-Ата 1 жана Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруу боюнча 2012-жылы Кыргызстан менен Орусия өкмөттөрү макулдашууга кол койгон. Ага ылайык, Орусиянын "Русгидро" компаниясы аталган энергетикалык объектилерди курмак. Бирок кийин алар ишти бүтүрө албай калганда 2015-жылы Кыргызстан Орусия менен түзүлгөн ал келишимди бир тараптуу жокко чыгарган. Кийинчерээк "РусГидро" компаниясы ал жердеги инфраструктуралык курулуш иштерине 37 млн доллар каражат жумшаганын айтып, анысын Кыргызстандан доолап келе жатат.