Жаңылыктар
"Достук" өткөрмө пункттун ачылышы тарыхый окуя болду
Чек ара
"Достук" өткөрмө пункттун ачылышы тарыхый окуя болду

“Достук” өткөрмө пункту ачылгандан бери Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасынан 60 миңдей адам өттү. Аталган жайдын күнү-түнү иштей башташы миллиондогон адамдар үчүн тарыхый окуя болду. 2010-жылдан бери жакындарын көрө албай жүргөн жарандардын кубанычында чек жок. 

Ош шаарынын тургуну Журохон Маматхашимов Өзбекстандагы туугандарына, эжесине жолугуп, сагынычын таратып кайтты. Аларды 15 жылдан бери көрө элек болчу. Эми Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасында жасалма тоскоолдуктар жок. “Достук” бекетинен көп жылдан бери мынча сандагы адам өтө элек болчу. Жакындарын сагынып кусага баткан жарандар эки тарапта тең бар.

Мурда чек арадан өтүү үчүн кабыл алуучу тараптын телеграммасын көрсөтүү зарыл болчу. Азыр паспорт менен эч кандай тоскоолдуксуз өтсө болот. Текшерүүгө болгону 2 мүнөт гана кетет.

Чек ара бекетиндеги тоскоолдуктар 6-сентябрда жоюлган. Андан бери 60 миңдей жаран өттү. Достук өткөрмө пункту ар күн сайын 5 миңдей адамды жана 500дөн ашуун автоунааны кабыл алууда. Ири чек ара бекетине чектөөлөр 2010-жылы киргизилген. Анда Өзбекстан тарап көпчүлүк өткөрмө пункттарды бир тараптуу жапкан болчу. “Достук” бекетинин ачылышы эки мамлекеттин достугуна данакер болоорун айткандар арбын. Себеби бул күндү эл чыдамсыздык менен күткөн.

Кыргыз-өзбек чек арасы 1378 чакырымга созулат. Анын 320 чакырымы тактала элек. Мамлекет башчыларынын келишиминин негизинде чек аранын 85 пайызы бекитилген. Чек арадагы жасалма тоскоолдуктун жоюлушу менен эки тараптын ар түрдүү алакаларына жол салынды. Андыктан 6-сентябрды тарыхый күн деп аташат.