Жаңылыктар
Бишкекте экинчи калкты тейлөө борбору ачылды
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте экинчи калкты тейлөө борбору ачылды

Бишкекте экинчи калкты тейлөө борбору жаны ачылып иштей баштады. Борбордо жарандар үчүн ыңгайлуу шарттар каралган жана кызмат көрсөтүү бир топ жеңилдетилген. Октябрь айында ушуга окшогон дагы эки борбор ачылганы турат. Жаңы ачылган калкты тейлөө борборунун ишмердүүлүгү менен премьер-министр Сапар Исаков таанышып, жарандар менен баарлашты.

Чолпон-Ата көчөсүндө ачылган калкты тейлөө борборунун артыкчылыгы - жарандар үчүн баардык шарт бар, кызмат көрсөтүүсү да бир кыйла жеңил. Мында жарандарды кабыл ала турган өзүнчө тилкелер бар .Ошол эле учурда операторлор ыкчам түрдө жарандардын документтерин кабыл алып, текшерип турат. Электрондук кезек тутуму да жакшырган. Муну менен катар күтүү, сүрөткө түшүү жайы, акысыз вай-фай жана балдар ойногонго ылайыкталган жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн өзүнчө бөлмөлөр каралган. 

Ыңгайлуу жагы баардык документтер бир эле кеңседен даярдалгандыгында жана тейлөө борборуна киргенде тосуп алган адис жаранга зарыл болгон кызматты тейлөө операторлоруна жөнөтөт. Экинчи кабатта болсо калкты каттоо Департаментинин адистери тарабынан документтер иштелип чыгат жана текшерүүдөн өтөт. 

Кезек күтүү маселесин жөнгө салуу максатында борбордун ичинде 8 касса ачылды жана төрт кошумча терминал ишке кирди. Бул өз кезегинде ыкчам иш алып барууну шарттады. Жаңы калкты тейлөө борборунун иши менен таанышкан өкмөт башчы Сапар Исаков мамлекеттик каттоо кызматынын жумушуна мыкты баа берди. Премьердин айтымында жарандарга мындан да жогорку деңгээлде ыңгайлуу шарт түзүү максатында интернет аркылуу кезекке туруу системасы иштелип чыгат. Андан тышкары дагы кошумча калкты тейлей турган 2 борбор ачылат. 

Калкты тейлөө борборундагы дагы бир жаңылык - кардарлар тейлөөнүн сапаты боюнча пикирин калтырса болот. Биринчи күнү эле борборго кайрылган жарандардын саны көп болду. Жаңы борбор түшкө чейин эле бир жарым миңге чукул жаранды тейлөөгө жетишти. Бара-бара күнүнө 2 миң жаранга кызмат көрсөтүлөт. Дастан Догоевдин айтуусунда келечекте 24 саат бою кызмат көрсөткөн тейлөө борборлорун ишке киргизүү жагы каралууда.