Жаңылыктар
Анатолий Карпов шахмат боюнча Азия биринчилигине катышты
Спорт
Анатолий Карпов шахмат боюнча Азия биринчилигине катышты

Бишкекте мүмкүнчүлүгү чектелгендердин арасында шахмат боюнча Азия биринчилиги башталды. Турнирге 10 өлкөдөн, атап айтканда Индия, Иран, Казакстан, Өзбекстан, Бутан, Тажикстан, Түркмөнстан, Монголия, Пакистан жана Афганистандан шахматчылар чакырылган. Биринчиликтин ачылышына шахмат боюнча көп жолу дүйнө чемпиону аталган Анатолий Карпов келди. 

Шахмат - баланын дүйнө-таанымын өстүрүүдө, ойлонууга, эсине сактап калууга, салыштырууга, өзүнүн жасаган ишинин жыйынтыгын көрө билүүгө үйрөтөт. Жөндөмдүүлүктү жана логиканы өстүрөт. Шахмат ойногон бала айрыкча так илимдерди жакшы өздөштүрөт. 

Кыргызстандын эң жаш шахматчыларынын бири Султай Чыңгыз 4 жашында Президенттин Кубогуна катышып, алдыңкы орунду багындырган. Ал жакында эле Шри-Ланкага барып, шахмат боюнча Кыргызстандын намысын коргоп келген. Султай Чыңгыз бул ийгиликтери менен Максим Галкиндин “Лучше всех” көрсөтүүсү менен да бөлүшкөнгө үлгүрдү. 

Кыргызстанда шахматка көбүрөөк көңүл бурулуп баштады. Буга Бишкекте мүмкүнчүлүгү чектелгендердин арасында шахмат боюнча Азия биринчилигинин өтүп жатканы мисал боло алат. Турнирге он өлкөдөн шахматчылар чакырылган. 

Бул турнирге шахмат боюнча дүйнөнүн көп жолку чемпиону, легендарлуу Анатолий Карпов келген. Ал “Ала-Тоо 24” каналынын “Социум” программасына кенен интервью берип, өзүнүн шахматка байланышкан өмүрү тууралуу баяндап берди. Анатолий Карпов 26 жашында дүйнө чемпиону аталган. Азыр ал Россия Федерациясынын Думасынын депутаты. 

Гроссмейстер Ысык-Көлгө да барды. Ал жергиликтүү элдин меймандостугу жана кең пейилдигине таң калганын айтты.  

Анатолий Карпов Кыргызстанда шахматты өнүктүрүү боюнча өлкөнүн шахмат федерациясы менен бир катар сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтты. Ал эми Азия биринчилиги 22-сентябрга чейин уланат.