Жаңылыктар
Кыргызстандык мушкер Муртазалиев Азия оюндарында алтын медалга ээ болду
Спорт
Кыргызстандык мушкер Муртазалиев Азия оюндарында алтын медалга ээ болду

Жабык имараттагы V Азия оюндары Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарында өтүп жатат. Кыргызстандык мушкер Абдурахманхаджи Муртазалиев Ашхабадда өтүп жаткан жабык имараттагы V Азия оюндарында жиу-житсу боюнча алтын медалга ээ болду.  

Беттеш  18-сентябрь күнү өттү. Муртазалиев 85 килограммга чейинки салмак категориясында ат салышкан. Спортчу алгач казакстандык Андрей Гаврилюкту жеңип, андан соң чейрек финалда иорданиялык Хайдар Хайтхам Абделкари Аль-Рашидден мыкты экенин далилдей алды. 

Финалга чыгуу үчүн Муртазалиев жергиликтүү мушкер Мерген Жораев менен күч сынашып, аны да артка таштады. Ал эми чечүүчү таймашта кыргызстандык мушкер арабиялык атаандашы Халфан Хумаид Балхол менен беттешип, натыйжада алтын медаль тагынды. 

Муртазалиевдин байгеси Кыргызстандын эсебиндеги алгачкы алтын медаль болду. Ага чейин биринчилерден болуп жиу-житсу боюнча мелдешкен Ариет Бекишев коло медаль алган. Андан кийин түркмөн күрөшүнө түшкөн балбандар Эсенбек Кудайбердиев күмүш, Алибай кызы Уулкан, Назира Арзыбекова жана Кененбек Шамшидин уулу коло медалдарга татышкан. Эскерте кетсек, оюндар 27-сентябрга чейин уланат.