Жаңылыктар
Аламүдүн районундагы сүт фермадан чыккан өрт өчүрүлдү
Кырсык

19-сентябрда түнкү саат бирлер чамасында Аламүдүн районундагы Маевка айылында жайгашкан сүт ферманын аймагындагы кампада өрт чыгып, ал 300 чарчы метр жерге жайылды. 

ӨКМдин маалыматы боюнча өрттүн кесепетинен 6 тонна "Нефрас" суюлткучу жана эки тонна күн карама майы күйгөн. 

Кырсык болгон жерде жүргөн 25 жаштагы кишинин денесинин 90 пайызы күйүп калган. Учурда жабырлануучу Бишкек шаарындагы №4 оорукананын күйүк борборунун жандандыруу бөлүмүндө жатат. Окуя болгон жерге келген өрт өчүрүүчүлөр тилсиз жоону саат үчтөрдө толугу менен өчүрүшкөн.