Жаңылыктар
Памирлик кыргыздар Кыргызстанга октябрь айында көчүрүлүп келет
Кыргызстан жаңылыктары
Памирлик кыргыздар Кыргызстанга  октябрь айында көчүрүлүп келет

Кыргызстанга Памирлик кыргыздар октябрь айында көчүрүлүп келет. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын апрель-май айларында Афганистандын Памириндеги кыргыздар Нарынга көчүрүлүп келери айтылган. Бирок кийинчерээк көчүрүү иштери сентябрь айына жылганы маалымдалган. "Памирлик кыргыздарды Кыргызстанга алып келүү иштеринин токтоп калышына эки себеп бар.  

Учурда мекендештерибиз жайлоодон түшө элек экен. Экинчиден Тажикстан менен Афганистандын ортосундагы Пяндж дарыясынын деңгээли көтөрүлүп кеткендиктен унаалардын өтүшүнө тоскоолдук жаратууда. Октябрь айында суу азайса көчүрүү иштери башталат.

Мамлекеттик миграция кызматы буга чейин Улуу жана Кичи Памирде тагыраагы, Афганистандын Бадахшан аймагында жашаган жети жаштан 30 жашка чейинки 30 адамды Кыргызстанга алып келүү аракеттери жүрүп жаткандыгын кабарлаган. Алар деңиз деңгээлинен 4,5 миң метр бийиктикте жашап көнүп калгандыктан, алгач Ош облусунун Чоң-Алай районунун аймагына отурукташары айтылган.

Миграция кызматынын маалыматына ылайык, учурда Памирде 2100гө жакын этникалык кыргыз жашап жатат. Негизинен кыргыздар Улуу Памир менен Кичи Памирди жердешет. Кичи Памирде сегиз айыл, 208 кожолук бар, анда 1200дүн тегерегинде киши жашайт. Ал эми Улуу Памирдеги алты айылда 825 адам күн кечирип келет. Буга чейин Кыргызстандан Памирге төрт жолу экспедиция жиберилип, гуманитардык жардамдар жөнөтүлгөн.