Кыргыз Республикасынын президенттик кызмат ордуна расмий катталган 13 талапкер 18- сентябрдан тартып, мамлекеттик бюджеттен каржыланган телерадио каналдарда жана басылмаларда акысыз эфирлерге чыга баштайт.
Талапкерлердин жеке кайрылууларынын жана дебаттардын убактысы, ким - кимге туш келээри Борбордук шайлоо комиссиясынын койгон чучукулактык негизде аныкталды.
Бүгүн, Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Биринчи радиосунун түз обосунда КР президенттигине талапкер Адахан Мадумар маек куруп, кайрылган угармандардын суроолоруна жооп берди.