Жаңылыктар
Доха шаарында тигилген кыргыз боз үйү көпчүлүктүн кызыгуусун жаратууда
Кыргызстан жаңылыктары
Доха шаарында тигилген кыргыз боз үйү көпчүлүктүн кызыгуусун жаратууда

Катардын борбору Доха шаарынын чок ортосунда кыргыз боз үйү тигилип, ал көп адамдардын кызыгуусун жаратып жатат. Кыргызстандын элчиси Нуран Ниязалиевдин айтымында, Кыргызстан бул иш-чарага конок катары катышууда жана анда кыргыздын улуттук кийимдери көрсөтүлүп, жаа атуу өнөрү тартууланат.

Бул иш-чарада боз үйдү таанытып, кыргыздардын маданиятын, тарыхын, салт-санаасын араб мамлекеттеринде жайылтууну көздөдүк. Катардагы биздин мекендештер комузда кол ойнотуп, ооз комуз жана чопо чоор чертишет. 

Алар келген меймандарды улуттук кийим кийип алып боорсок менен тосушат. Дохада тигилген боз үй дал ушул иш-чара үчүн Бишкектен алынган. Элчи ошондой эле боз үйдү тигүүгө жардам берген мекендештерге ыраазычылыгын билдирип, кыргыз үйгө кызыккандар көп экенин баса белгиледи.

Доха шаарында 20-сентябрдан 24-сентябрга чейин мергенчилик жана куш салуу боюнча шумкарлардын биринчи жолку эл аралык көргөзмөсү өтөт. Ага Катар, Кувейт, Испания, Пакистан, Германия, АКШ, Франция, Ливан жана башка мамлекеттер катышат. Анын максаты шумкар менен аңчылык кылууну жайылтуу жана бул тармакта жетишилген жаңы ийгиликтерди тең бөлүшүү болуп жатат.