Жаңылыктар
Нарын: Сапар Исаков ЖАМК кызматкерлерине салынып жаткан үйдүн курулушу менен таанышты
Кыргызстан жаңылыктары
Нарын: Сапар Исаков ЖАМК  кызматкерлерине салынып жаткан үйдүн курулушу менен таанышты

Премьер-министр Сапар Исаков Нарын облусуна жасаган сапарында Жазаларды аткаруу кызматынын кызматкерлерине салынып жаткан турак жайдын курулуш менен таанышты. Бул үйдүн курулуш иши 90 пайызга бүтүп калган. 1-ноябрда турак жайдын ачкычтарын тапшыруу мерчемделди. 

Муну менен катар өкмөт башчы Сатыбалды Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин студенттери менен жолукту. Анда "Жаңы доорго 40 кадам" программасы тааныштырылып, студенттер менен баарлашуу болду. 

Ошондой эле Сапар Исаков "Таза коом" программасынын алкагында 2 жылда Кыргызстан толук интернетке туташа турганын белгиледи.