Жаңылыктар
Майлуу-Суудагы жаңы жолдун курулушу аяктап калды
Кыргызстан жаңылыктары
Майлуу-Суудагы жаңы жолдун курулушу  аяктап калды

Майлуу-Суу шаарындагы жаңы жолдун курулушу дээрлик аяктап калды. Учурда жол жээгиндеги тосмолорду, суу өтүүчү арыктарды куруу жана коопсуздук жагын бекемдөө иштери жүрүп жатат.

Жаңы жолдун узундугу 1 чакырымга жакын болуп, ага кетүүчү каражат 10 миллион сомду түздү. Каражат өлкө бюджетинен камсыздалып берилген. 

Эске сала кетсек,буга чейинки эски жолду жаз айларында жүргөн жер көчкү басып калып, Майлуу-Суу шаары менен Сары-Бээ айыл аймагынын каттамын бөгөп калган. Адистердин айтымында,кайра каттамды берүү үчүн жаңы жол салууга туура келген. 97 миллион куб топурак казылып алынып, жаңы жол салынган.