Жаңылыктар
Президенттикке талапкерлердин добуш берүү баракчасындагы катары такталды
Шайлоо 2023
Президенттикке талапкерлердин добуш берүү баракчасындагы катары такталды

Талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү БШКда чүчү кулак кармоо аркылуу президенттикке талапкерлердин добуш берүү баракчасындагы катарын аныктады. 

Президенттикке талапкерлердин бюллетенде катар номурун аныктоочу чүчү кулак тартуу алгач 19-сентябрдын саат 14:00нө белгиленген. Бирок бул убакыттан 17:00гө жылды. Буга айрым талапкерлердин башка бир президенттикке талапкерлер менен биригүүсү маалымат каражаттарында жарыяланганын жүйөө келтирип, айрым талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн кайрылуусу себеп болгонун БШКнын аппарат жетекчиси Бакыт Жумагулов журналисттерге билдирди.
Талапкерлердин тизмесин тактоо менен добуш берүү баракчасынын формасы да аныкталды. А4 форматындагы бир баракта 13 талапкердин тизмеси жана баарына каршы деген 14чү тизме дагы болот. Бюллетендер аймактык шайлоо комиссияларына 10 календарлык күндө жетиши керек.