Жаңылыктар
Таласта учурда төө буурчактын 90 пайызы жыйналды
Айыл чарба
Таласта учурда төө буурчактын 90 пайызы жыйналды

Быйыл облус боюнча 55 миң гектарга жакын жерге төө буурчак айдалган. Дыйкандардын айтымында, быйыл түшүм жакшы. 

Баасы да ойдогудай. 1 килограмм төө буурчак учурда 50 сомдон 60 сомго чейин сатылууда. Төө буурчактын баасы көтөрүлгөн сайын, аны жыйноо күчүнүн акысы да кымбаттайт.

Гектарлаган талаага айдалган төө буурчакты жыйнап жетишүүдө кол күч менен катар эле техника да керек. Таласта дыйканчылыктын кадырын арттырган төөбуурчак дүйнөнүн 30 га жакын өлкөсүнө экспорттолот. Негизинен «Лопатка» түрү басымдуу. Былтыр таласта 90 мин тоннага жакын төөбуурчак өндүрүлгөн. Быйыл андан ашыгыраак болоору күтүлүүдө.