Жаңылыктар
Өзгөн: жаратылыш кырсыгынан зыянга учураган турак үйлөр калыбына келтирилет
Кыргызстан жаңылыктары
Өзгөн: жаратылыш кырсыгынан зыянга учураган турак үйлөр калыбына келтирилет

Өзгөн районунда жаратылыш кырсыгынан зыянга учураган 13 турак үй акысыз калыбына келтирилет. Төртөө мамлекеттин эсебинен жасалса, калгандарын Түркиянын ТИКА уюму каржылайт. 

Эске сала кетсек, жер көчкүдөн жабыркаган тургундарды көчүрүү үчүн жалпысынан 208 гектар жер трансформацияланган.

Жаратылыш кырсыгынан жабыркагандар көчүп келип отурукташа баштаган жерди эми таанып болбойт. Үч ай мурда бош турган чоң аянтта конуш пайда болду.
Алгач жабыркагандар үчүн ачылган атайын эсепке топтолгон акчадан курулуш иштерине каражат бөлүнө баштаган. Мындан сырткары президенттин фондунан 5 миллион сом берилген. Мындан сырткары 7 жылга 7 пайыздык үстөк менен ипотекалык насыялоо башталган.