Жаңылыктар
Абдылда Иманкулов өзүн пиарлоону эп көрдүбү?
Саясат
Абдылда Иманкулов өзүн пиарлоону эп көрдүбү?

Президенттик кызмат ордуна талапкер Өмүрбек Бабановдун командасында иштеп, үгүт иштерин алып барып жүргөн белгилүү куудул Абдылда Иманкулов буга чейин Бабановдун идеясына ишенип, элди ага добуш берүүгө үндөп  жүргөнү үчүн кечирим сурады. Анын мындай чечим кабыл алуусуна 17- сентябрь күнү Жалал-Абадда Бабанов президент, Төрөбаев премьер-минстир болот деген билдирүү таасир эткен. 

Бир күндө оюн өзгөрткөн Бабанов президент болуп калса, ага ишенүүгө болобу деп суроо койгон ал, шайлоодо эч бир талапкер үчүн иштебесин билдирди. Эксперттер болсо саясатчынын мезгилге жараша көз карашы өзгөрөрүн, бирок принциби туруктуу болушу керектигин белгилешет. О. э саясатчылардын арасында юридикалык, моралдык жоопкерчилик болбогону үчүн эл алдында убада берип коюу, бийликти алдын ала бөлүштүрүп алуу сыяктуу маселелер кадыресе көрүнүшкө айланып бара жатканын өкүнүч менен белгилешет.

Назира Молдокулова, "Биринчи радио"