Жаңылыктар
Төлөмдөрдү убагында жүргүзбөгөндөрдүн электр жарыгы аралыктан өчүрүлөт
Кыргызстан жаңылыктары
Төлөмдөрдү убагында жүргүзбөгөндөрдүн электр жарыгы аралыктан өчүрүлөт

«Түндүкэлектр» ишканасы алты миңден ашуун турмуш-тиричилик кардардын электр жарыгын аралыктан өчүрөт. Буга абоненттердин төлөмдөрдү   убагында жүргүзбөгөндүгү себеп болууда. Ушундай эле жүйөө менен шаардагы “Дельфин” бассейни, Башкы прокуратура, Саламаттык сактоо министрлиги жана башка бюджеттен каржыланган мекемелердин да электр жарыгы өчүрүлөөрүн аталган мекемеден билдиришти. 

Энергетик-адистер, жарандарды пайдаланган электр жарыгы үчүн төлөмдү убагында жүргузүүгө чакырат. Анткени, толук төлөнбөсө, алдыдагы   күз-кыш мезгилдерине карата оңдоо иштеринин жүргүзүлүшүнө терс таасирин тийгизет.   

Гулбүбү Усенова, "Биринчи радио"