Жаңылыктар
Мексикада күчү 7,1 баллга жеткен жер силкинип, 200дөн ашык адам каза болду
Дүйнө
Мексикада күчү 7,1 баллга жеткен жер силкинип, 200дөн ашык адам каза болду

Чет элдик маалымат булактарында айтылгандай курман болгондордун саны 200дөн ашканы айтылууда. Өлкөнүн борбору Мехикодо 30дай имарат кыйраганы айтылууда. Курмандыктардын саны улам өсүп жатат. Борбордогу аба майданы жабылды. 

Куткаруучулар кыйроолор көп болгон аймактарга барышты. Бийликтин маалыматына караганда, 4 миллионго жакын тургун электр жарыгы жок калды. Зилзала болгонго чейин эки-үч саат мурда өлкөдө табият кырсыктарынан сактануу боюнча атайын окуу өткөн болчу.

Бул соңку бир ай ичиндеги экинчи жер титирөө. 7-сентябрда күчү 8,2 баллга жеткен зилзала катталып, Мексиканын түштүк тарабы жана коңшу Гватемаланын батыш бөлүгү жабыркап, каза болгондордун саны 90дон ашкан болчу. Өлкөнүн президенти Энрико Пенья Ньето бул жер титирөө соңку 100 жылда катталган эң катуу зилзала экенин белгилеген.